Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоо көбөйүүдө: жуманын ичинде 8 миң учур катталдыВиктор Козодой: «Кыргыз цивилизациясы — дүйнөнүн бешинчи дарыялык цивилизациясы»«Ала-Арча» резиденциясында ачылган мектеп менен бала бакчага кабыл алуу башталдыЭнергетика министри Кара-Кечедеги көмүр казууларды текшерди: дефицит жокКыргызстанда жаңы футбол клубу түзүлдү. Аны Өмүрбек Бабанов каржылайтБишкектин бир районунда 20-ноябрда суу убактылуу өчүрүлөт
Тогуз-Торо жана Аксы районунан 3 тоннадан ашык кара куурай өрттөлдү
10.07.2019 | 16:48
Тогуз-Торо жана Аксы районунун аймагында өскөн 3 тоннадан ашык жапайы кара куурай өрттөлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициядан билдиришти.
10-июлда өткөрүлгөн “Паутина” рейдинин алкагында Тогуз-Торо районунан 7 гектар аянттан жапайы өскөн кара куурай чабылып, 2 тоннага жакын кара куурай өрттөлгөн. Ал эми Аксы районунун аймагынан 1,5 тоннадан ашык кара куурай чабылып, өрттөө жолу менен жок кылынган.
Бул профилактикалык иш-чарага милициядан сырткары айыл өкмөттөн, элдик кошуундан, жергиликтүү тургундардан жана чек аралаш жайгашкан аймактардын чек ара кызматынын жоокерлери да катышып, жеринде АКТылар түзүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар