Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин №1 тергөө абагындагы бир нече тарапташы коронавируска ПЧР тест тапшырышты. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Мекеменин маалыматына ылайык, 12-майда мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, саясатчы Равшан Жээнбеков, президенттик аппараттын мурунку башчысы Фарид Ниязов, экс-депутат Мээрбек Мискенбаев, мурунку президенттин жансакчысы Канат Сагынбаев жана Фархат Баабиев Карыпбек уулу Рысбек, Канат Осмоналиев коронавируска анализ тапшырышкан. Жыйынтыгында баарынын анализдери таза чыккан.
ЖАМК тергөө №1 абагында абал туруктуу экенин кошумчалап, кооптонууга негиз жок экенин билдирди.
Буга чейин Атамбаевди колдогон КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Канат Сагынбаев дене табы көтөрүлүп жатканын айтып, №1 тергөө абагында коронавирус бар-жогун текшерип чыгууну талап кылган.
Белгилей кетсек, Сапар Исаков Жылуулук электр борборун жаңылоодогу коррупция боюнча кармалып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Калгандары Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып кармалышкан.