Бишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кестиӨлкөдөгү мечиттерде жаан, кар тилеп сыйыныштыБүгүн Садыр Жапаров туулган күнүн белгилеп жатат. Аны кимдер куттуктадыБишкекте үйлөрдүн баасы дээрлик 30%га өстүБШК №16 округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти. Кимдер депутат болду
Абдыгулов: Улуттук банктын бир кызматкеринен коронавирус аныкталды
27.05.2020 | 11:46
Улуттук банктын бир кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги онлайн маалымат жыйыны учурунда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.
Анын айтымында, учурда ал кызматкер ооруканада дарыланууда. Ал эми аны менен байланышта болгон 40 адамдан анализ алынып, үй карантинине жөнөтүлгөн.
Улуттук банктын башка кызматкерлеринен коронавирус катталган эмес.
27-майга карата 52 адамдан коронавирус аныкталып, илдетке чалдыккандардын жалпы саны 1520 адамга жетти. Алардын ичинен 16 бейтап кайтыш болуп, 1043 бейтап айыгып чыккан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом