Абылгазиев жыштык ишинен улам жумуштан четтеп турууну чечти

Абылгазиев жыштык ишинен улам жумуштан четтеп турууну чечти

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев убактылуу кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө кетти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлайт.

Абылгазиев өргүүгө кетип жатышын жыштык сатуудагы козголгон кылмыш ишине байланыштуу кабыл алган.

“Териштирилип жаткан ишке менин эч кандай тиешем жок жана бул маселени саясатташтырбоо керек деп эсептейм. Укук коргоо органдары объективдүү жана ар тараптуу тергөө жүргүзүп, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылууга тийиш. Бирок тергөөгө кандайдыр бир кысым көрсөтүүлөр боюнча айыптоолордон алыс болуу үчүн, ошондой эле аны калыс жүргүзүү максатында кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн алууну зарыл деп эсептейм”, — деген Абылгазиев. 

Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктеги жыштык сатуудагы коррупциялык иш боюнча шектүү катары беш киши камакка алынган.

20-майдагы парламенттин жалпы жыйынында Жанар Акаев бул ишке Абылгазиевдин катышы болушу мүмкүн экенин айткан.

Бирок өкмөттүн маалымат кызматы жана премьер-министр Абылгазиев өзү дагы Жанар Акаевдин айткандары негизсиз экенин билдирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>