Онлайн эмес: Бишкектеги мектептер эртең кадимки тартипте иштейтОвсюктун жаңы коркутуусу: бул жолу Бишкектеги соода борборлоруОкуучуларды коркуткан адамдын өздүгү аныкталдыБишкектеги мектептер 17-октябрда онлайн форматка өтөтБишкекте белгисиз адам окуучуларды коркуткан— мектептер курчоого алынып, балдар эвакуацияландыКыргызстанда айдоочуларды окуткан унааларга текшерүү жүрүп жатат
Алмазбек Батырбеков вице-премьерликке сунушталды
16.06.2020 | 12:24
Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы сунуштаган өкмөттүн курамында биринчи-вице-премьер-министрликке мурдагы депутат Алмазбек Батырбековдун талапкерлиги көрсөтүлүп жатат. Бул тууралуу премьер-министрликке талапкер Кубатбек Боронов коалициянын жыйынында жарыялады.
Ал буга чейинки өкмөттүн курамы дээрлик өзгөрбөгөнүн, өзүнүн ордуна Батырбеков, аппарат башчы өз арызы менен кеткендиктен, анын ордуна Таалайбек Темиралиев сунушталганын айтты.
Мындан сырткары Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына Жогорку технологиялар паркынын жетекчиси Алтынбек Исмаилов көрсөтүлгөнүн белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат