Ош шаарында үч тараптуу айланма жол курулуп жататБШК Мирлан Жээнчороевди Жогорку Кеңештин депутаты деп тааныдыКыргызстанда жашоо минимуму 9 290 сомго чейин өстү«Түндүк» тиркемеси жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталы 17–18-апрелде ишин убактылуу токтототЖасалма акчалар менен телефондорду алып-сатып жүрүшкөн. УКМК траснулуттук кылмыштуу топту кармадыУЭТК кышка чейин 760 чакырым жаңы кабелдерди тартып чыгат
Азербайжанда машыгуу кезинде аскердик учак Каспийге кулады
25.07.2019 | 17:52
Азербайжандын абадан коргонуу күчтөрүнүн учагы аскердик машыгуу маалында кырсыкка учурап, Каспий деңизине кулады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
24-июль күнү саат 22:00 чамасында өтүп жаткан түнкү машыгуу кезинде абадан коргонуу күчтөрүнүн МиГ-29 аскердик учагы менен байланыш үзгүлтүккө учурап, ал радардан көрүнбөй кеткен. Мындан улам учак кырсыкка кабылып, деңизге кулаган. Учурда кырсыктын себептери жана учкучту издөө чаралары жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар