УКМК: Алмазбек Атамбаев кармалды

10.10.2020 | 17:14

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка караганда, Алмазбек Атамбаев, УКМКнын мурдагы кызматкери  Канат Сагынбаев жана  УКМКнын 9-башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Дамир Мусакееа кармалган.

Белгилей кетсек, алар 6-октябрга караган түнү митингчилер тарабынан абактан чыгарылган.

Scroll to Top