Бишкекте тартипке 24/7 режиминде көз салынууда — ШИИБдин борбору кантип иштейтБорбор Азия мамлекеттери аймактын глобалдык позициясын талкуулаштыОрмуз кысыгы кайрадан жабылды — ИРСК каалаган кемеге сокку уруларын эскерттиЖол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкеринин абалы тууралуу эмне белгилүү?КМШнын ТИМ башчылары биргелешкен космос программаларын өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташтыСадыр Жапаровдун TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү менен жолугушуусу кандай өттү — кенен маалымат
Садыр Жапаров: Президент арыз жазып кызматтан кетет
10.10.2020 | 18:49
Өкмөт башчылыкка сунушталган Садыр Жапаров “Ала-Арча” резиденциясында өтүп жаткан Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетерин айтты.
Депутат Тазабек Икрамов ага “президент Сооронбай Жээнбеков менен иштешүүгө даярсызбы?” деген суроо узатты.
“Мен Сооронба Жээнбеков менен сүйлөштүм. Ал арыз жазып кызматтан кетем деди. Сиздер азыр бекитип берсеңиздер арыз жазып кетем деп өзүнүн сөзүн айтты”, – деди Жапаров.
Учурда Садыр Жапаров өзүнүн программасы менен тааныштырып бүтүп, депутаттардын суроолоруна жооп берип жатат.
[su_image_carousel source=”media: 43702,43701,43700″ crop=”none” autoplay=”4″]
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат