Айыл чарба министри Чодуевдин ордун Тилек Токтогазиев ээлейби?

21.10.2020 | 16:17

Эркинбек Чодуев айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматынан бошотулду. Тиешелүү Жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койду.

Эркинбек Чодуев кызматтан кетүү боюнча өзү арыз берген.

Чодуев аталган кызматка 2019- жылдын июнь айында дайындалган.

Анын ордуна «Ата Мекен» партиясынан депутаттыкка талапкер Тилек Токтогазиевдин келиши айтылды.

Reporter.kg Токтагазиевге байланышканда ал бул боюнча тастыктаган да, четке каккан да жок.

Scroll to Top