Садыр Жапаров: Матраимовду бошотуу чечимин мен кабыл алдым

Садыр Жапаров: Матраимовду бошотуу чечимин мен кабыл алдым

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов президенттин милдетин аткаруучу,  өкмөт башчы Садыр Жапаровдун чечими менен кое берилген. Бул тууралуу  Жапаров BBC радиосуна берген маегинде  айткан.

[su_quote cite=»]“УКМК жетекчиси «камайм» деп айтты. Анткени Райым башка ысым менен паспортун өзгөртүп, Дубайга чыгып кеткенге даярданган экен. Аны кармап келишкенден кийин мага чалып, камакка алабыз деп айтышты. Токтоп тургула, жети өлчөп бир кесели деп айттым. Анткени, буга чейин эки жыл мурун А.Атамбаевди камадыңар. Райымдан үч эсе бай, миллиарддары бар, бир тыйын төктүрдүнөрбү? Эки жылдан бери мамлекеттин эсебинен багып жатабыз. К.Кулматовду кармадыңар. Райымдан эки эсе бай, мамлекетке эки тыйын төктүрдүңөрбү? Жок! Аны да мамлекеттин эсебинен багып жатабыз. Ошол сыяктуу эле А.Ибраимов, Сапар Исаков ЖЭБ боюнча деп жатат, Эшматов, Ташматов ж.б. бирөөсүнөн мамлекеттик казынага бир тыйын төктүрдүңөрбү? Жок! Мен башкача жол менен кетип жатам. Менин иштөө стилим башкача”, – деген ал.[/su_quote]

Өкмөт башчынын айтымында коррупционерлерди камап кою менен мамлекетке келтирилген зыяндын орду толтурулбайт.

[su_quote cite=»]“Райымды азыр алып барып, беш секундда камап салсак болот. Төрт дубалда жата берет. Бирок бир тыйын келбейт. Анткени, ал өзү камалгандан кийин эсептери жабылат. Мындайча айтканда, кустура албайбыз. Сот жараяны жылдап уланат. Эгерде азыр камакка алып, анан ишти тергейбиз десек, үй-мүлкүн конфискация кылабыз десек, анда бир үйүн же машинесин, макул бир обьектисин алалы. Бирок ал 24 миллион эмес, 2 миллионго дагы чыкпаган мүлк болот да. Ошондуктан мен силерден суранам, бир эле Райым эмес, бардык коррупционерлер кусат. Биз кустуруу жол менен кетебиз. Андай кылбайбы, камакка алынат. Кечээ күнү кармалгандан кийин дароо 80 млн сом төктү. Тергөө органдары менен иштеше турган болду. Ноябрдын аягына чейин 2 млрд. сом төгөт. Эми бул башы эле, азыр изилдене элек. Мына, Ташиевдин кызматка чыкканына үч эле күн болду. Үч күндүн ичинде кармап келди. Менин деле жумушту баштаганыма үч эле күн болбодубу. Анан эми эч нерсе боло электе эле дүрбөлөңгө түшүп, «мурун сүйлөшүп алышыптыр», «анан чыгарып жиберүүдө» дегенди токтотуп, тескеричинче, эл-журт, журналисттер бизге колдон-буттан алып, жардам берип турсаңыздар. Эгер коомчулук талап кылса, азыр дароо камакка алып койгонго болот. Бирок андан эмне пайда? Биз бюджетке акча түшүрөлү да. Жетишпестик жылдын соңуна чейин 30 млрд ашык экен. Пенсия, жөлөк пул, айлык төлөп беришибиз керек. Кыскасы, бюджеттин тешигин бүтөшүбүз керек.”, – деген Садыр Жапаров.[/su_quote]

УКМК Райымбек Матраимовду 20-октябрда коррупция шектелип кармаганын кабарлаган.

Ушул эле күнү ал эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат жазып берип кайра кое берилген.

Тергөө менен кызматташканы айтылган Матраимов  мамлекетке келтирилген эки миллиард сомдук зыянды ноябрдын соңуна чейин толтуруп берүүгө даяр экенин билдирип, 80 миллион сомду УКМКнын депозиттик эсебине которгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>