Кара-Сууда жол кырсыгы болуп, үч айыл өкмөт башчысы каза болду«Кыргызнефтегаздын» Директорлор кеңешинин жаңы курамы шайландыКадамжайда мечиттин садака кутучасынан акча уурдаган шектүү жаран кармалдыСергей Кожемякин: көп векторлуулук доору аяктап баратат, БА өлкөлөрүнө тандоо жасоого туура келетБаңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында пара талап кылуу фактысы аныкталдыБишкекте жасалма интеллекттин жардамы менен жасалган дизайн боюнча сынак өтөт
Жапаров: Бактыбек Сыдыков “Манас” аэропортунун жетекчилик кызматынан кетет
22.10.2020 | 12:26
Премьер-министр Садыр Жапаров “Манас” эл аралык аэропорту “ААКнын” жаңы дайындалган жетекчиси Бактыбек Сыдыков бул кызматтан кетерин билдирди.
Өкмөт башчынын айтымында, Сыдыковду аэропорттун башчылыгына ал дайындаган эмес, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду бул маселе менен алектенет.
«Мен Сыдыковго телефон чалып, жаш кадрларга жол беришибиз керек деп айттым. Сыдыковдон майнап чыкпайт жана кызматтан кетиши керек. Ал макул болду», – деди Жапаров.
Ошондой эле, Жапаров эл ыраазы болбогон адамдар кызматтарга дайындалбай тургандыгын кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат