IV Бишкек эл аралык кинофестивалына тасмаларды кабыл алуу башталдыАк илбирстин эл аралык күнү: Кыргызстан сунуштаган майрам дүйнөдө алгач белгиленди – Садыр ЖапаровБишкекте мектептердин жанындагы 18 соода күркөсү бузуулуудаБир ай мурун эркек кишини сабап кетишкен. Новопокровкада эки шектүү кармалдыБаткен облусундагы Жаңы Достук айылына тургундар көчүп келүүдөАгартуу министрлигинде мектептерге француз тили сабагын киргизүү мүмкүнчүлүгү каралды
Майлуу-Суу шаарында 8 жашар кыз зордукталды
27.10.2020 | 16:17
Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында 8 жаштагы кыз зордукталганы айтылууда. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 7-сентябрь күнү 8 жаштагы кыз жыныстык мүчөсүнөн кан аккан абалда тез жардам кызматы аркылуу ооруканага түшкөн.
Аталган факты Жазык кодексинин 161-беренеси (“Зордуктоо”) менен катталып сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 29 жаштагы Майлуу-Суу шаарынын тургуну кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
26-октябрда аталган кылмыш иши толук кандуу тергелип бүтүп, шектүүнүн жасаган аракеттери толук далилденип, соттун кароосуна жиберилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар