Улан Ниязбеков: Мыйзам алдында бардыгы ээлеген кызмат ордуна жана атайын наамына карабастан бирдей жоопкерчиликке тартылатКыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешине шайлоодо Сириянын колдоосуна ээ болдуКеминде эркек кишини сабап өлтүрүп кетишти — шектүүлөр кармалды. ВидеоБишкекте унаа ЧЧКга түшүп кетти — айдоочу эмне болду?Садыр Жапаровдун референдум жөнүндөгү долбоору Жогорку Кеңешке киргизилдиБишкекте үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү талкууланды
Улуттук банк 42,4 млн доллар интервенция жасады
30.10.2020 | 10:43
Кыргызстанда доллардын курсу жогорулап кеткендиктен Улуттук банк жыл башынан бери кезектеги он бешинчи интервенцияны жасады. Бул тууралуу өлкөнүн башкы банкынын сайтына жарыяланды.
Маалыматта айтылгандай, Улуттук банк 29-октябрда валюта рыногуна 42,4 млн доллар саткан. Бул аракет улуттук валюта сомду колдоо максатында ишке ашууда.
Акыркы кезде Кыргызстанда доллардын сомго карата расмий курсу жогорулап, 81 сом 09 тыйын болуп турат.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика