Кытайлык Everbeacon компаниясы Кыргызстандын технология тармактарына инвестиция салууга кызыкдарКоопсуздук кеңешинин катчысы ЖККУнун башкы катчысы менен жолугушту – эмнелер талкууландыБатыш БА өлкөлөрүнө ким менен байланыш түзүүнү таңуулоого аракет кылууда — ЛавровКыргызстандын өкмөтү АКШнын EXIM Bank’ы менен кызматташууга кызыкдарПарламент унааларды эвакуациялоо жана айдоочулук укуктан ажыратуу жөнүндө мыйзам долбоорун колдодуУКМК: Акча алып, Орусияда каттоодон чыкпаган унааларды каттаган кызматкерлер аныкталды
Атамбаевдин эки тарапташы убактылуу кармоочу жайга киргизилди
10.08.2019 | 12:43
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Алга Кылычов жана Амантур Жамгырчиев ИИМдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Алар Кой-Таштагы окуялар боюнча УКМКнын кызматкерлерин барымтага алуу жана массалык башаламандыкты уюштурууга шектелүүдө.
“Азыркы учурда ИИМдин тергөө кызматы тергөө жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Атамбаевдин бир нече тарапташтары суралды”, – деп жазылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар