Кыргызстанда жетилген жарандык сектор бар деп айтууга эрте — саясат таануучуКыргызстандын каржы сектору 2025-жылы 44,6 млрд сом таптыЖК төрагасы Москвада ЖККУ Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин жыйынына катыштыУулдарым, бизди жеңиш менен күткүлө»Ала-Тоо аянтында Бишкектин 148 жылдыгы белгиленетКөп векторлуулук Кыргызстанды Иран боюнча тандоо жасоодон куткарбайт — Алина Молдокеева
Кызыл-Кыяда аялдын капчыгын уурдап алган адам кармалды
01.02.2021 | 15:53
Кызыл-Кыяда аялдын капчыгын уурдап алган адам кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 31-январда Кызыл-Кыя шаарынын “Таштемир Ажы” базарында белгисиз адам Ноокат районунун Э.Н. аттуу 20 жаштагы тургунун кол сумкасынан капчыгын уурдап кетишкен. Ал капчыктын ичинде 10 500 сом акча болгондугун билдирип милицияга арыз менен кайрылган.
Ыкчам издөө иш-чарасынын алкагында көп узабай эле шектүү катары Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын 41жаштагы Х.О. атуу тургуну кармалган.
Анын жанынан капчык табылып, уурдалган акча ээсине кайтарылган.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар