Кыргызстан Америка мамлекеттеринин уюмунда туруктуу байкоочу статусун алууну көздөөдөКыргызстандык окуучулар эл аралык математика олимпиадасында ийгилик жаратыштыКасымалиев АКШнын IT-гиганты менен санариптик коопсуздук боюнча жумушчу топ түзүү тууралуу макулдаштыБишкек конуштар үчүн жаңы автобустарды сыноодон өткөрүүдөБишкекте мечиттер КМДБнын балансына өткөрүлүп берилүүдөОш шаарында үч тараптуу айланма жол курулуп жатат
АКШда 133 унаанын кагылышуусунан 6 адам каза болду – видео
12.02.2021 | 10:32
АКШнын Техас штатында ири кырсык болду. Бул тууралуу чет элдик «Даллас Морнинг Ньюс» басылмасы жазды.
Акыркы маалыматтар боюнча, 133 унаа кагышкан.
Натыйжада кеминде алты адам каза болуп, 65 адам жаракат алган.
Полициянын айтымында, окуяга жамгырдан жана кар жаагандан кийин пайда болгон жолдогу муз себеп болгон. Куткаруу кызматтарынын айтымында, унаалардын алдында калган адамдардын көпчүлүгү куткарылды. Жүрүүчү бөлүк акырындык менен унаалардан тазаланат. Кырсык болгон жол эки тарапка тең тосулган.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар