Алтымышев көчөсүндөгү курулуштар буздурулуп, Ала-Арча дарыясынын жээги бошотулдуӨкмөт башчы Адылбек Касымалиев Азербайжанга иш сапары менен баратКыргызстанда соттук экспертиза тутуму реформаланатБишкекте ордо боюнча биринчи жолу клубдар аралык чемпионат өтүүдөБишкектин бир бөлүгүндө газ үч күнгө өчүрүлөтАла-Бука, Базар-Коргон жана Москва райондорунун акимдери алмашты. Президент жарлыктарга кол койду
Шайлоо мыйзамдарын бузган 106 факты катталды
11.04.2021 | 09:30
Шайлоо мыйзамдарын бузуу тууралуу 106 даттануу түштү. Бул тууралуу маалымат жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров билдирди.
Анын айтымында алардын арасында эң көбү добуш сатып алуу боюнча.
“Ыкчам-чара көрүү координациялык топко жалпы 106 мыйзам бузуу тууралуу арыз түштү. Анын ичинен эң көп добуш сатып алуу боюнча 36 арыз түшкөн. Андан кийин эле административдик ресурстарды колдонуу тууралуу, бул тууралуу 23 арыз түштү. Учурда бул фактылар боюнча тиешелүү түзүмдөр иш алып барууда”, – деди Шайназаров.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат