Бишкекте жаш кызга кол салган 44 жаштагы киши кармалды

Бишкекте жаш кызга кол салган 44 жаштагы киши кармалды

Бишкекте 10-апрелге караган түнү кызга бычак менен кол салган шектүү кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 44 жаштагы Д.Ш. аттуу адам Сухэ-Батор көчөсүндө саат 00:30 чамасында К.Н. аттуу кызга бычак менен кол салган. Натыйжада оң ийнине жана оң билегине бычак сайылган.

Шектүү учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Окуя болгон жерге тинтүү иштери жүргүзүлүп, бычак табылган.

Аталган факты боюнча 266-берене (бейбаштык) менен иш козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>