Футбол боюнча Колумбиянын жогорку лигасында ойногон «Рионегро Агилас» командасы коронавирустан улам беттешке 7 оюнчу менен чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, COVID-19 команданын айрым оюнчуларынан аныкталса, кээ бирлери жаракатынан улам беттешке чыга албай, оюнга 7 гана футболчу менен чыккан.
Беттешти жылдыруу өтүнүчүн футбол федерациясы четке кагып койгон. Мындан улам талаа ээлери 2 дарбазачы 5 талаа оюнчу менен беттеш өткөргөнү чыккан. Дарбазачылардын бири борбордук коргоочу катары оюн өткөргөн.
El 3-2-1 de Águilas ?
??? pic.twitter.com/MiaYtnGpnc
— Juan Sebastián Navarrete V. (@juanse_91) April 11, 2021
Натыйжада 7 оюнчу «Бояка Чиконун» 11 футболчусуна каршы оюн өткөрүп, 57 мүнөткө чейин гол өткөргөн эмес. Беттештин 80-мүнөттө талаа ээлеринин бир оюнчусу жаракат алып, оюн жыйынтыкталган. ФИФАнын эрежеси боюнча 6 оюнчу беттешти уланта албайт.
#EquipoProfesional | Perdimos el partido, pero vamos a ganarle la batalla al Covid-19. Estamos muy orgullosos de ustedes, muchachos ?.#JuegoLimpio #MyGameIsFairPlay #VamosÁguilas ? pic.twitter.com/h7jKnMft8A
— Águilas Doradas (@AguilasDoradas) April 11, 2021
Беттештен соң, «Рионегро Агилас» командасынын Twitter баракчасында: “Биз утулдук, бирок COVID-19 менен болгон кармашты утабыз. Силер менен сыймыктанабыз”, — деп билдирүү калтырган.
#Institucional | Gracias a todos los que nos apoyaron hoy desde sus casas, ustedes son el motivo por el que siempre dejamos el alma ?.
Los dejamos con la arenga previa al partido de hoy, con la cual siempre demostramos que somos una familia ?.#VamosÁguilas ?#JuegoLimpio pic.twitter.com/VWqotcLwyE
— Águilas Doradas (@AguilasDoradas) April 12, 2021