Кыргызстанда 2026-жылдын түшүмү үчүн күздүк эгиндерди себүү аяктадыСаламаттык сактоо министрлиги балдарды дарылоодогу системалуу жардамы үчүн фонддорго жана бизнеске ыраазычылык билдирдиРоссияда нацисттердин колунан жабыркаган совет элинин геноцид курмандыктарын эскерүү күнү бекитилдиБишкек 2026-жылы жаштар арасындагы хоккей боюнча дүйнө чемпионатын кабыл алатКыргызстандын ооруканалары жана бейтапканалары 1-январдан 9-январга чейин кандай иштейт? ГрафикРоссия-Кыргыз өнүктүрүү фонду каржылоонун көлөмү боюнча тарыхый чекке жетти
Бүгүн АФК Кубогунда Кыргызстан менен Тажикстандын командалары беттешет
20.05.2021 | 16:22
Бүгүн, 20-майда футбол боюнча АФК Кубогунун тайпалык баскычынын 3-турунда Кыргызстан менен Тажикстандын командалары беттешет.
Бишкек шаарында “Дордой” тажикстандык “Равшанды” саат 20:00дө кабыл алат.
Ал эми Тажикстандын Душанбе шаарында “Худжанд” Ош шаарынын “Алай” командасы менен саат 22:00дө оюн өткөрөт.
Белгилей кетсек, “Алай” буга чейин “Насаф” (Өзбекстан) жана “Алтын-Асыр” (Түркмөнстан) командаларына утулуп, кийинки баскычка чыгуу укугунан ажырады.
Ошондой эле Бишкекте түркмөндүк “Ахал” “Дордой” жана “Равшан” клубдарын утуп, АФК Кубогунун “Е” тайпасынан кийинки баскычка чыкты.
Буга чейин Reporter.kg “Дордой” АФК Кубогунда Салымбековдун үмүтүн актай алабы? Деген аталышта макала жарыялаган болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт