Ысык-Көл районунун мамлекеттик нотариусу коррупцияга шектелип кармалдыМинкаб шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун четке кактыБалыкчыда синтетикалык баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелгендер кармалдыБекешев мамлекеттик кызматка кирүүдө майыптыгы бар адамдарга артыкчылык берүүнү сунуштадыФинансы министрлиги ЖРТны бюджеттен каржылоодон баш тартты, ал эми Агартуу министрлиги баанын өсүшүн түшүндүрдү — Дастан БекешевПрезидент Таш-Көмүр шаарынын мэрин алмаштырды
Төрт банк чек ара чырында жабыркагандардын насыясын кечти
21.05.2021 | 14:29
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган Баткен облусунун чек ара аймактарынын жашоочуларынын насыясын төрт банк кечти. Бул тууралуу өкмөттүн облутагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Мол-Булак”, “Компаньон”, “РСК”, “Бай-Түшүм” банктары чек арадагы окуяда жабыркап, кыйынчылыкка дуушар болгон кардарларынын насыясын кечүү чечимин кабыл алышкан.
Мындан сырткары, “Компаньон” банкы 2 миллион сомдук гуманитардык жардам көрсөткөн. “РСК” Банкы Баткен облусуна 2 миллион 284 миң сом каражат которгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика