Кытайлык айдоочулар үчүн Кыргызстанга КММ ташып келүү жеңилдетилдиСадыр Жапаров V Элдик курултай жөнүндө жарлыкка кол койдуКыргызстанда автомектептерге лицензиянын ордуна мамлекеттик реестр киргизүү сунушталууда — кенен маалыматКореядагы элчи алмашты: Мэлис Мамадалиев Аида Исмаилованын ордуна дайындалдыБишкекте Маданият университетинин аймагында бак-дарактар мыйзамсыз кыйылганЛенинград блокадасынын жылдыгында дайынсыз жоголгон 19 кыргызстандыктын тагдыры тууралуу маалымат берилет
Төрт банк чек ара чырында жабыркагандардын насыясын кечти
21.05.2021 | 14:29
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган Баткен облусунун чек ара аймактарынын жашоочуларынын насыясын төрт банк кечти. Бул тууралуу өкмөттүн облутагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Мол-Булак”, “Компаньон”, “РСК”, “Бай-Түшүм” банктары чек арадагы окуяда жабыркап, кыйынчылыкка дуушар болгон кардарларынын насыясын кечүү чечимин кабыл алышкан.
Мындан сырткары, “Компаньон” банкы 2 миллион сомдук гуманитардык жардам көрсөткөн. “РСК” Банкы Баткен облусуна 2 миллион 284 миң сом каражат которгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика