“Аутизмди жеңебиз” борборунун тарбиялоочусу мүмкүнчүлүгү чектелген баланы сабаган — видео

“Аутизмди жеңебиз” борборунун тарбиялоочусу мүмкүнчүлүгү чектелген баланы сабаган — видео

“Аутизмди жеңебиз” борборунун тарбиялоочусу мүмкүнчүлүгү чектелген 6 жашар баланы сабаган. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Билдирүүгө таянсак, окуя 17-майда “Аутизмди жеңебиз” борборунда орун алган. Бала ал жакка барып келгенден кийин эле өзүн жогото баштаган. Мындан улам, баланын апасы ал жерде орнотулган камералардын видеосун сураган жана анда баланын сабалганын көргөн.

“Менин атым Назгүл, балам 6 жашта, ал шал оорусу менен жабыркайт жана 5 жашынан баштап баса баштады. Уулум сүйлөй албайт, жакында эле аны дефектолого алып барып баштаганмын. Ошол дефектолог менин баламы катуу сабаган. Сураныч, мага жардам бериңиздерчи. Менде уулумун сабалганы тууралуу видео бар”, — деген баланын апасы.

“Аутизмди жеңебиз” борборунун директору Анара Даниярова операция болуп Москва шаарында жүрөгүнөн , учурда дарылануудан өтүп жатканы жана видеону алгачкылардан болуп өзү таркатканын айткан.

Ал эми дефектолог Мунара Бейшенбокова видео жарыяланган эле күнү жумуштан алынган.

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук милициясы тергөө ишин баштаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>