Кыргызстан менен Монголия соттолгондорду өткөрүп берүү боюнча макулдаштыБишкекте дарыгер-нефролог кармалды. Министрлик ишти тең салмактуу териштирүүнү талап кылдыАтатүрк сейил багында мыйзамсыз курулуп жаткан объект буздурулдуБишкектеги мектептердин биринде мугалим менен окуучунун ортосунда мушташ чыктыЖогорку Кеңеш альтернативдик кызмат үчүн төлөмдөрдү жогорулаткан мыйзам долбоорду жактырдыУКМК теракттарды даярдаган жана жардыруучу түзүлүштөрдү чогулткан өспүрүмдөрдүн кармалганын билдирди
Манас жолу: Мотоцикл 50 жаштагы аялды өлтүрө сүздү
20.09.2021 | 09:17
1992-жылы туулган мотоциклдин айдоочусу катуу ылдамдыкта бара жатып, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн 50 жаштардагы аялды сүзгөн. Натыйжада алган жаракаттарынын негизинде жабырлануучу окуя болгон жерден мүрт кеткен.
Окуя 19-сентябрь күнү кечки сегиздер чамасында болгон. Бул туурасында Чүй облустук милициясы билдирди.
Киши коюп кеткен мотоцикл айдоочусу Сокулук милициясына окуяны териштирүү үчүн алып кеткен.
Алдын-ала маалыматтарга ылайык, жолдун боюндагы Учкун-2 айылынын тургундары жолду жабышкан. Алар бийликтен жол чийиндерин коюп берүүлөрүн талап кылышууда. Болбосо көп кырсыктар болуп жатканын жүйө келтиришкен. Жергиликтүү жашоочулар саат 23:00 чамасында жолду ачып, тарашкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар