Бишкек менен Ошто майып балдар үчүн стоматология бөлүмдөрү ачылдыМинистрлик мектептерде стоматология бөлмөлөрүн ачуу пландоодоЖогорку Кеңешке шайлоо. Каирде биринчи жолу шайлоо тилкеси ачылатОш шаарында таза суу бир суткага өчүрүлөтЧүйдөгү №2 аялдар абагындагы кемчиликтер жоюлуп, шарттар жакшыртылдыБишкекте 63 жаштагы аял жол кырсыгынан каза болду. Айдоочу изделүүдө
Айдоочуларга кулактандыруу. Рейд жүрүүдө
20.09.2021 | 12:19
Мамлекеттик салык кызматы Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте рейд өткөрүүдө.
Салык кызматынын басма сөз кызматынан билдирген, быйылкы жылы унаа салыгын төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктаган.
Мыйзамга ылайык, салыкты өз убагында төлөбөгөндүк үчүн 2000 сом өлчөмүндө айып каралган. Мындан тышкары, салык төлөөнүн ар бир өткөн күнүнө туум эсептелет.
Белгилей кетсек, Салык кызматы унаа салыгын төлөбөгөн авто ээлерин туумдун эсептелишин болтурбоо үчүн азыр төлөөгө чакырат. Ошондой эле рейддер салык төлөбөгөндөрдү жазалоо максатында гана эмес, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн да өткөрүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом