Адахан Мадумаровду уул-келини менен кошо суракка алып кетишти

22.11.2025 | 18:15

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаровдун үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, өзүн суракка алып кетишти. Бул тууралуу укук коргоо органдары Reporter.kg’ге билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мадумаров менен кошо анын уулу Нурмухамед Мадумаров менен келини суракка жеткирилгени айтылууда.

Эске салсак, Буга чейин Темирлан Султанбеков массалык баш аламандыкка чакырган деп шектелип кармалган.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун үйүндө тинтүү жүрүп, суракка алынган. Андан кийин Тергөө кызматына мурдагы Каржы полициясынын төрагасы Сыймык Жапыкеев, Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыров жеткирилгени, ал эми Атазовдун кармалганы белгилүү болду.

Мындан тышкары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева, Темирлан Султанбековдун ата-энеси жана сиңдиси суракка чакырылганы айтылган.

Андан кийин «Апрель» телеканалынын мурдагы жетекчиси, журналист Дмитрий Ложниковдун үйүндө тинтүү жүрүп, өзү ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилгени маалымдалды.

Бардыгы массалык баш аламандыкка чакыруу беренеси боюнча сурак беришүүдө.

Scroll to Top