Камактагы жарандык активист Адилет Балтабайдын иши боюнча бүгүн, 1-ноябрда өткөн соттук отурумда тараптардын жарыш сөзү болду. Бул тууралуу Reporter.kg’ге активисттин жубайы Гүлкайыр Жапарова билдирди.
Соттук процесс Биринчи май райондук сотунда өтүүдө.
«Адилет, жактоочу жана прокурор жарыш сөз сүйлөдү. Эми акыркы бир процесс калды. Кийинки соттук отурум 11-ноябрга белгиленди. Анда Адилетке сөз берилип, чечим чыгат», — деди ал.
Эскерте кетсек, Адилет Балтабайга (Адилет Али Мыктыбек) «массалык башаламандыктарга чакырык жасоо» беренеси боюнча кылмыш иши ачылган. Учурда ал тергөө абагында камакта отурат.
2-сентябрда Адилет Балтабайга ачылган кылмыш иши боюнча биринчи отурум өтүп, ага айыбы угузулган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз