Адылбек Касымалиев дүйнө чемпионатында коло медаль уткан Денис Петрашовду кабыл алды

12.08.2025 | 16:27

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Сингапурда өткөн сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль жеңген Денис Петрашовду, анын атасы жана машыктыруучусу Евгений Петрашовду кабыл алды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууда Касымалиев спортчуну тарыхый жетишкендиги менен куттуктап, 100 метрге брасс стилинде көрсөткөн жаңы рекорду – 58,88 секунд – көп жылдык тынымсыз эмгектин жана чечкиндүүлүктүн жемиши экенин белгиледи. Ал ошондой эле Петрашовдордун спорттук мурасына токтолуп, ата-бала биргеликте алты Олимпиадага катышканын эске салды.

Миңкаб башчысы мамлекет спортчуларды колдоону улантып, даярдык жана жогорку натыйжалар үчүн шарт түзөрүн айтты. Анын айтымында, сууда сүзүү бассейндери бар мектептер курулуп, Ысык-Көлдү элиталык туризм борборуна айландыруу планы суу спортунун өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

Жолугушуунун аягында Касымалиев спортчуга жана машыктыруучусуна акчалай сертификаттарды тапшырды.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top