Адылбек Касымалиев менен Хусейн Иса кыргыз-мисир кызматташтыгынын маселелерин талкуулашты

01.09.2026 | 14:58
Адылбек Касымалиев Мисирдин премьер-министринин орун басары Хусейн Иса менен жолугушту — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 1-сентябрда, «Ынтымак Ордодо» Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Мисирдин премьер-министринин орун басары Хусейн Мохамед Ахмед Иса менен жолугушту. Тараптар эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык, өнөр жай жана маданий кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Адылбек Касымалиев Мисирдин Шанхай кызматташтык уюмундагы (ШКУ) диалог боюнча өнөктөш катары ролун белгилеп, бул Борбор Азия, араб дүйнөсү жана Африка ортосундагы байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөрүн айткан.

Ошондой эле 2025-жылдын ноябрында президент Садыр Жапаровдун Мисирге болгон расмий сапарынын маанилүүлүгүн жана Каирде Кыргызстандын элчилигинин ачылышын белгилеген.

«Биздин эң маанилүү милдетибиз – мамлекет башчыларыбыздын берген кызматташтыктын темпин сактоо, өкмөттөр аралык байланыштарды активдештирүүгө жана биргелешкен практикалык кадамдарга басым жасоо», – деп билдирген Касымалиев.

Өз кезегинде Хусейн Мохамед Ахмед Иса Кыргызстандын жетекчилигин жана элин Эгемендүүлүк күнү, ШКУнун 25 жылдыгы жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы менен куттуктаган. Ал Мисир тарап саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экенин тастыктаган.

Scroll to Top