Бишкекте Кыргыз-кытай алдыңкы инженерлер институту ачылды

01.09.2026 | 14:24
Бишкекте Кыргыз-кытай алдыңкы инженерлер институту ачылды — Новости Кыргызстана

Бишкек шаарында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде (КМТУ) Кыргыз-кытай алдыңкы инженерлер институту ачылды. Бул тууралуу аталган университеттин маалымат кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, институттун базасында энергетика, тоо-кен иши, робототехника жана башка инженердик багыттар боюнча 15 адистештирилген лаборатория түзүлдү. Инвестициянын көлөмү 197 миллион сомду түзгөн.

Институтта окуунун мөөнөтү эки жылды түзөт.Учурда анда эки магистрдик программа ишке ашырылууда:

  • «Акылдуу энергетика» (15 магистрант);
  • «Жашыл тоо-кен технологиялары» (8 магистрант).

Институттун негизги өнөктөштөрү болуп Синьцзян университети, Сиань Цзяотун университети жана GoldWind компаниясы саналат. Huawei, Zijin Mining жана TBEA компаниялары лабораториялык базаны түзүүгө катышып жатканы айтылды.

Университеттин маалыматында, институттун максаты — студенттердин заманбап технологиялар менен иштөөсүн жана өндүрүштүк милдеттерди өнөр жай өнөктөштөрү менен биргеликте чечүүсүн камсыз кылган практикага багытталган билим берүү болуп саналат.

Scroll to Top