Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев 2020-жылдын 4-октябрында өтүүчү парламенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу Reporter.kgге өздүк булактар маалымдады.
Өздүк булагыбыз Чодуевдин «Кыргызстан« партиясынын штабында жүргөндүгү айтты.
Эркинбек Чодуев 2019-жылдын 28-майында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп дайындалган.
Белгилей кетсек, Чодуев Жогорку Кеңешке шайлоого катышкан биринчи расмий адам эмес. Буга чейин мындай чечимди Өкмөттүн Ош облусундагы экс-ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев жарыялаган.