Кыргызстанда үч жылда баалар дээрлик 22% кымбатташы мүмкүнМинистрлер Кабинети 2027-жылы Кыргызстандын ИДПсы 2,7 трлн сомго жетерин болжолдоодоТокмокто улгайган аялды өлтүрүүгө шектелип 28 жаштагы эркек киши кармалдыКР Министрлер кабинети алюминий сыныктарын, анын ичинде ЕАЭБге чыгарууга тыюу салууну сунуштоодоБишкек мэри Жапаровдон эмне үчүн тил укканы жана президент менен туугандыгы тууралуу имиштер боюнча жооп бердиЭр-Рияддагы аэропортко экинчи жолу чабуул жасалды. Кыргызстандын ТИМи соккуларды айыптады
Айыл чарба министри Эркинбек Чодуев парламенттик шайлоого катышат
15.08.2020 | 17:18
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев 2020-жылдын 4-октябрында өтүүчү парламенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу Reporter.kgге өздүк булактар маалымдады.
Өздүк булагыбыз Чодуевдин “Кыргызстан“ партиясынын штабында жүргөндүгү айтты.
Эркинбек Чодуев 2019-жылдын 28-майында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп дайындалган.
Белгилей кетсек, Чодуев Жогорку Кеңешке шайлоого катышкан биринчи расмий адам эмес. Буга чейин мындай чечимди Өкмөттүн Ош облусундагы экс-ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев жарыялаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат