Камчыбек Ташиев ИИМде беш саат сурак берип чыктыЖер тилкелерин документтештирем деп, алдап кеткен. Чүйдө шектүү жаран кармалдыЖогорку Кеңеш геодезия жана мейкиндиктик маалыматтар жөнүндө мыйзамды үчүнчү окууда кабыл алдыКыргызстанда 773 айылды таза суу менен камсыз кылуу пландалуудаЧек ара кызматы менен Туризм фонду туристтер үчүн тоо каттамдарын санариптештиретЖРТга даярдануу үчүн «Булак» мобилдик тиркемеси ишке киргизилди
“Акүйдүн” алдындагы тосмонун бир бөлүгү темирге сатылган
03.04.2024 | 12:17
“Алтын балалык” реабилитациялык балдар борборуна жумшалган акчанын 150 миллион сому ашыкча чыгым болгон. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу билдирди.
Анын айтымында, “Алтын балалыктын” азыркы директору борборду оңдоо иштеринен кийин кабыл албай, тийиштүү кагаздарга кол койбой жатат.
“Балдар борборуна келген эмеректерди Бейшеналиев (Саламаттыкты сактоо министри) үйүнө ташып кетиптир. Андан тышкары “Акүйдүн” айланасынан алынган темир тосмолорду алып барып “Алтын балалык” тосуп, калганын кескилеп темирге сатып жибериптир”, – дейт депутат.
Жусупбек Коргонбай уулу УКМК сот-медициналык экспертиза, Тез жардам кызматына келген унааларды колдонуу маселелерине дагы көңүл бөлүүгө чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом