Бишкекте «Оргтехстрой» курулуш компаниясынын издөөдө жүргөн жетекчиси кармалдыИсламдык банкинг реформасы: Улуттук банк ачык-айкындуулукту талап кылууда, ал эми сектор салык бюрократиясынан жана «ашыкча убаракерчиликтен» жабыркап келет26-март: Өлкө боюнча күн ачык болотМаксым улуттук суусундугу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий суусундугу макамын алдыЧүй облусунда сот тутумундагы коррупциялык схемага бөгөт коюлду: судья жана катчы кармалдыӨзгөн районунда үч эм төрөгөн энеге 100 миң сом берилди
Акыйкатчы институту камактагы Мирлан Ураимовдон кабар алды
10.02.2022 | 14:12
Кечээ, 9-февралда Акыйкатчы институтунун профилдик бөлүмүнүн кызматкери УКМКнын СИЗОсунун убактылуу кармоочу жайына барып, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимов менен жолугуп, баарлашкан. Бул тууралуу Акыйкатчы аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
«Кармалган жаран УКМКнын кызматкерлери тарабынан ага карата атайылап же катаал мамиле болбогонун, физикалык жана психологиялык жактан эч кандай таасир тийгизбегенин айткан», – деп билдирди басма сөз кызматы.
Акыйкатчы институтунун маалыматы боюнча, Ураимовду кармоо шартында эч кандай мыйзам бузуулар табылган жок. Ал камакка алынгандан кийин сурактарга катышкан жактоочу менен камсыз болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат