Алмаз Имангазиев тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Буга чейин Имангазиев Консулдук кызмат департаментинин директору болуп келген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз