Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Көзүңөрдү ачкыла! Делегат министрлерге ачуу сын айтты – видео
26.11.2022 | 11:55
Бүгүн, 26-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда Ош облусунун Ноокат районунан келген делегат Турсуналы Ажыкулов министрлерди сынга алды.
Ажыкулов айыл чарба, коргоо жана транспорт министрлеринин чабал иштери тууралуу айтты. Ал сугат суу маселеси чечилбегенин, жолдор оңдолбой жатканын, аскерде жоокерлер каза болуп жатканын айтып, министрлерди шалаакылык кылбоого чакырды.
Ал министрлерди чөнтөгүн ойлобой, ишин так аткарууга үндөдү.
Эскерте кетсек, Бишкектеги Элдик курултай 25-26-ноябрда болуп өтөт. Ага жалпы 1 миңден ашык делегат катышууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом