Делегат президентке: Мыйзамды сыйлабай, активисттерди камап койдуңар

Делегат президентке: Мыйзамды сыйлабай, активисттерди камап койдуңар

Бүгүн, 26-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда делегат болгон Баатырбек Исмаилов президентке кайрылып, камакка алынган активисттерди камактан чыгарууну суранды.

«Урматтуу президент, депутаттар менен сот органдарын чыбык менен айдап алдыңар. Себеби мыйзам такыр тетир жолго кетип бара жатат», — деди ал.

Сөзүн улай ал камакка алынган саясатчы жана активисттерди кое берүү керектигин айтты.

«Азыр камакта жаткан активисттердин көбү сиз түрмөдө жатканда, чырылдап-чыркырап, сизди чыгарткан. Азыркы күндө мыйзамды сыйлабай, камап койдуңар. Сиздин бул жердеги «жан-жөөкөрлөрүңөр» күлүп отурат. Бул «жан-жөөкөрлөрүңөр» үч президентти каякка жибергенин өзүңүз билесиз. Азыр сизди жарга такады. Алар (камакка алынгандар – ред.) ден соолугун алдырып жатат. Жаңы жыл алдында үй камагына чыгарыңыз. Бул жакшы жолго алып барбайт», — деди ал.

Ал сүйлөп жатканда, залда отургандар «кой» деп аны токтотууга аракет кылгандыктан, Исмаилов президентти кошоматчыларды эмес, чындыкты айткандарды угууга чакырды.

«Ушул жерде «кой» деген адамдарга айтып коеюн: «Кой, бул бийлик жакшы иштеп жатат» деп мактап, силер алып бардыңар, «даканса», кошоматчылар деп коебу? Бул жерге келген таза элдин сөзүн угуңуз, кошоматчылардын сөзүн укпай. Урматтуу, жыйындын катышуучулары, бул жерде элдин үнүн жеткирели деп турабыз. Мен элдин суранычын айтып жатам», — деди ал

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>