Америкалык жана европалык туристтер Кыргызстанга темир жол аркылуу жетишти

02.10.2023 | 17:23

Бүгүн “Бишкек-2” темир жол бекетине Америкадан жана Европадан туристтер келип түштү. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Ишкананын кызматкерлери конокторду  улуттук күүнүн коштоосунда тосуп алышты.

Маалыматта 62 чет элдик жаран төртүнчү туристтик поезд менен келгени белгиленет.

Келген коноктор бүгүн Бишкек шаарын кыдырып, андан соң «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркына барышат.

[image_carousel source=”media: 198530,198529,198528,198527″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top