Түркияда кыргызстандык келинди мурдагы күйөөсү сабаган. ТИМ үн катты

Түркияда кыргызстандык келинди мурдагы күйөөсү сабаган. ТИМ үн катты

Тышкы иштер министрлиги Антальяда мурдагы жолдошу, Түркиянын жараны тарабынан сабалган кыргызстандык келин боюнча маалымат берди.

Кыргызстандын Антальядагы башкы консулдугунун маалыматы боюнча, Э.Э. аттуу кыргызстандык келин түркиялык жолдошу (М.Д.) менен 2022-жылдын декабрында ажырашкан. Соттун чечими менен ортодогу баласы энесинин колунда калган.

«Быйыл май айынын аягында башкы консулдук тарабынан Кыргызстандын Э.Э. аттуу жаранынын болгон маселелерин чечүү үчүн адвокат менен жолугушуусу уюштурулган. Ошондой эле Э.Энин баласы менен (Түркиянын жараны) Кыргызстанга кетүү маселеси боюнча керектүү консультациялар көрсөтүлгөн. Э.Э. маалымдагандай, Түркиянын сот органы тарабынан алимент төлөө маселеси каралып жаткандыктан, ал сот процесси аяктаганга чейин Түркияда калууну көздөгөн», — деп айтылат маалыматта.

21-сентябрда Э.Э. эжеси Д.Э.нин коштоосунда башкы консулдукка кайрылган.

«Аталган жарандын маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн башкы консулдук тарабынан Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдарды колдоо фонду менен Э.Э.ге зарыл жардам көрсөтүү боюнча макулдашууга жетишилген. Бирок Э.Э. белгисиз себептерден улам жардам алуу үчүн аталган фондго кайрылган эмес. Башкы консулдук консулдук-укуктук жардам көрсөтүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп, маселени көзөмөлдөйт», — деп билдиришти минисликтен.

Эскерте кетсек, буга чейин соцтармактарга кыргызстандык келин Түркияда мурдагы күйөөсү тарабынан сабалганы тууралуу маалымат чыккан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ТИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>