Жалал-Абадда милиция мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Жалал-Абадда милиция мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 2-октябрда Жалал-Абад шардык милициясы тарабынан №5 мектепте 5-октябрь — Мугалимдер күнүнө карата майрамдык иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Майрамдык саамалыкка облустук милициянын коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Алмазбек Жусупов, тергөө кызматынын башчысы Канатбек Аскарбеков, шаардык милициянын башчысы Мирлан Батыров, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев, шаардагы мектептердин директорлору, алардын орун басарлары, социалдык педогогдор катышкан.

«Иш-чара учурунда майрам ээлерине куттуктоо сөздөр айтылып, милиция тарабынан даярдалган баалуу белектер тапшырылды. Билим берүү тармагынын кызматкерлери Жалал-Абад облустук жана шаардык милицияларынын ардак грамоталары, дубал сааттары менен сыйланышты. Ошондой эле мектеп окуучуларына билим берүүдө талыкпастан эмгектенип, келечектин мыкты адистерин даярдоодо, кылмыш жана түрдүү кырсыктардын алдын алууда милиция менен тыгыз кызматташуу сөздөрү айтылды»,  -деп билдиришти милициядан.

Өз кезегинде Ырысбек Калчаев уюштуруучуларга куттуктап, сыйлык тапшырып жаткандыгына ыраазычылык билдирип, жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алууда биргелешип иштөөгө даяр экендигин белгилеген.

Соӊунда катышуучуларга мектеп окуучулары тарабынан даярдалган сахналаштырылган оюн көрсөтүлүп, бий тартууланып, ыр жаӊырган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>