«Антошка» тез тамактануучу жайын иштеткен жаран СИЗО-1ге киргизилди

«Антошка» тез тамактануучу жайын иштеткен жаран СИЗО-1ге киргизилди

Бишкекте Чүй-Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Антошка» тез тамактануучу жайын ижарага алып иштеткен жаран СИЗО-1ге киргизилди. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Аталган кызматтын маалыматына ылайык, Биринчи Май райондук прокуратурасынын өтүнүчү менен жаран СИЗО-1ге 22-ноябрда киргизилген. Буга чейин ал Свердлов райондук сотунун чечими менен үй камагына чыккан болчу.

Белгилей кетсек, 8-ноябрда аталган тез татым жайында жарылуу болгон. Анын кесепетинен ал жакта иштеген кызматкер каза болуп, 14 адам ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>