17-ноябрда интернеттин өчүшү жана эсептердин нөлдөнүшү: эксперт эмне дейт?

Социалдык тармактарда 17-ноябрда глобалдык санариптик кризис болот: интернет өчүрүлөт, банктар бөгөттөлүп, эсептер нөлдөнөт деген ушак-айыңдар тарап жатат. Бул коркунучтар канчалык реалдуу экени тууралуу Reporter.kg сайтына киберкоопсуздук боюнча адис Баястан Боронбаев айтып берди.
— Баястан, интернетте 17-ноябрдагы мүмкүн болуучу санариптик кризисти кызуу талкуулап жатышат. Бул жаңылыктар бизге даркнеттен келди. Сизге бул тууралуу эмне белгилүү жана киберкоопсуздук адистери мындай билдирүүлөргө кандай карашат?
— Менин башка өлкөлөрдө кесиптештерим көп, биз кесиптик чөйрөдө, анын ичинде атайын каналдарда баарлашып турабыз. Жана бул датаны эч ким олуттуу деле талкуулаган жок. Адистердин көпчүлүгү муну чагымчылдык деп эсептешет. Жөн гана бир нече окуялар бир убакытка туш келип, айрым адамдар аларды бири-бирине чеберчилик менен байланыштырып, интернетте тарата алышты.
— Кайсы окуялар жөнүндө сөз болуп жатат?
— Мага белгилүү болгондой, 17-ноябрда АКШда белгилүү бир системалардын улуттук тестирлөөсү пландалган. Бул тууралуу сентябрда эле жарыяланган.
Мындан тышкары, Японияда жана айрым Европа өлкөлөрүндө, анын ичинде эсимде болушунча Улуу Британияда өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүү боюнча иш-чаралар өтүп жатат.
Бул окуялардын баары убакыт боюнча дал келип калган. Интернетте аларды бириктирип, бир глобалдык коркунуч менен байланыштуудай кылып көрсөтүштү.
Ошол эле маалда маалыматтар боюнча көйгөйлөр, анын ичинде Binance менен байланышкан жаңылыктар чыккан. Жыйынтыгында бири-бирине таптакыр тиешеси жок окуяларды бир сюжетке бириктирип коюшту.
— Техникалык көз караштан алганда, бүткүл дүйнө боюнча интернетти үч айга өчүрүү мүмкүнбү?
— Жок. Бул үчүн акылга сыйбас масштабдагы чабуул керек болмок.
— Мисалы, эмне болушу керек? Ядролук согушпу?
— Ооба. Эгер так киберчабуул жөнүндө айта турган болсок, бүткүл дүйнөлүк интернетти өчүрүү иш жүзүндө мүмкүн эмес.
Кеп интернет-провайдерлер автономдуу иштегенинде. Эгер бир провайдер иштебей калса, башкалары кызмат көрсөтүүнү уланта берет. Бир нече ири провайдер иштен чыккан күндө да, андан майдараактары калат. Анын үстүнө тармактардын ишин кайра калыбына келтиришет.
Ал эми банктарга келсек, алардын ишиндеги техникалык мүчүлүштүктөр үзгүлтүксүз эле болуп турат. Масштабдуу киберчабуул банк системаларынын ишин чындап эле бузушу мүмкүн, бирок, кыязы, салыштырмалуу кыска мөөнөткө гана.
— Так канча убакытка?
— Мисалы, бир, эки же үч күнгө. Бизде да банктык тиркемелер менен кээде ушундай болуп турат, алар белгилүү бир убакытка иштебей калат.
— Техникалык жактан бул кандай иштейт? Хакерлер банк системаларын жок дегенде бир нече күнгө иштен чыгаруу үчүн аларга эмне керек?
— Ар кандай жолдору бар. Эң кооптууларынын бири «нөлдүк күн» (zero-day) деп аталган аялуу жерлерге байланыштуу. Бул — программалык камсыздоону иштеп чыгуучулар али биле элек, ал эми кара ниеттер таап алып, колдонушу мүмкүн болгон боштуктар (мүчүлүштүктөр).
Мисалы, көптөгөн компаниялардын жана банктардын кызматкерлеринин компьютерлеринде орнотулган Microsoft Office’ти элестетип көрөлү. Эгер хакерлер мындай кеңири таралган программадан олуттуу аялуу жерди таап алып, аны иштеп чыгуучулардан мурда колдонууну үйрөнүп алышса, кесепети масштабдуу болушу мүмкүн.
Айрыкча бир эле аялуу жер көптөгөн каржы уюмдарынын инфраструктурасында болсо өтө кооптуу. Программалык камсыздоодогу мындай көйгөйлөр бир эле учурда көптөгөн компанияларга жана мамлекеттик түзүмдөргө таасир этиши мүмкүн.
— Кыргызстандын банк сектору мындай чабуулдардан канчалык корголгон?
— Биз бул багытта кыйла жигердүү өнүгүп жатабыз. Борбор Азияда Кыргызстандын банктарында жакшы компетенцияга ээ адистер бар деп ойлойм. Бирок башкы көйгөй — алардын өтө аздыгында.
Бизде киберкоопсуздук тармагында квалификациялуу кадрлар жетишпейт. Мага белгилүү болгондой, бул багыт боюнча негизги даярдыкты Политех жүргүзөт, бирок ал жерде көбүнчө базалык билимдер берилет. Ошол эле учурда жыл сайын салыштырмалуу аз сандагы адистер — болжол менен 20–30дай гана адам бүтүрөт.
Менин оюмча, чечимдердин бири катары студенттерди чет өлкөлүк күчтүү университеттерге окууга жөнөтүү болушу мүмкүн. Мындай окуу жайлар АКШда, Францияда, Италияда, Кытайда бар. Жаш адистер сапаттуу билим алып, кайра Кыргызстанга келип иштеши маанилүү.
Биздин компания дагы жергиликтүү кадрларды өнүктүрүү менен алектенет. Биз таланттуу балдарды, анын ичинде киберкоопсуздук боюнча эл аралык мелдештердин катышуучуларынын арасынан издейбиз.
Мисалы, CTF (Capture the Flag) мелдештери бар, анда маалыматтык коопсуздук боюнча адистер ар кандай тапшырмаларды чечип, бири-бири менен күч сынашат.
Катышуучулардын арасында Кыргызстандан абдан таланттуу мектеп окуучулары кездешет, эгер аларды өз убагында колдобосо, алар башка тармактарга кетип калышы же чет өлкөлүк ири компанияларга иштеп кетиши мүмкүн.
Ошондуктан кесиптик коомдоштукту өнүктүрүү жана бул адистер өз өлкөсүндө ийгиликке жетиши үчүн шарттарды түзүү зарыл.
Анын үстүнө Борбор Азия акырындык менен маанилүү технологиялык аймакка айланууда. Казакстанда тиешелүү багыттар активдүү өнүгүп жатат, Өзбекстанда жасалма интеллектке жана киберкоопсуздукка ири инвестициялар тартылууда. Бул жакшы тенденция, жана Кыргызстан үчүн коңшулардан артта калбоо маанилүү.
— «Ак хакерлер» деп аталгандардын максаты түшүнүктүү: алар аялуу жерлерди таап, системаларды коргоого жардам беришет. Ал эми даркнеттеги кара ниеттерди эмне кызыктырат?
— Биринчи кезекте акча. Көбүрөөк акча, дагы көбүрөөк акча. Бирок башка дагы мотивация бар — чексиз эркиндик сезими жана өз жөндөмдөрүнүн чегин сыноо мүмкүнчүлүгү.
Айрымдарга канчалык алыска бара алышары, кайсы системаларды буза алышары жана бул үчүн кандай куралдарды колдоно алышарын түшүнүү кызыктуу.
Мисалы, кара ниет адам банк тутумуна администратордук кирүү мүмкүнчүлүгүн алууга, эсептердин ишине кийлигишүүгө же белгилүү бир маалыматтарды өзгөртүүгө аракет кылышы мүмкүн. Кимдир бирөө үчүн бул акча табуунун жолу болсо, башка бирөөлөр үчүн — өз мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү. Албетте, биз мындай иштер менен алектенбейбиз.
— Акыркы бир-эки жылда Кыргызстанда масштабдуу киберчабуулдар болду беле? Алар кандай кесепеттерге алып келди?
— Негизинен сөз маалыматтардын сыртка чыгып кетиши жөнүндө болуп жатат. Мындай учурлар тууралуу маалыматтар ЖМКларда буга чейин чыккан. Маалыматтардын чыгып кетиши мамлекеттик маалымат тутумдарынан, анын ичинде «Түндүк» менен байланышкан тутумдардан жана башка түзүмдөрдөн болушу мүмкүн.
Мында кеп жеке маалыматтар жөнүндө гана эмес — бул электрондук почта даректери, логиндер, сырсөздөр жана корпоративдик системаларга кирүү мүмкүнчүлүктөрү болушу мүмкүн.
Мындай маалыматтар салыштырмалуу арзан баада сатылат. Мисалы, кайсы бир уюмдун жүздөгөн кызматкерлеринин аккаунттарына кирүү мүмкүнчүлүгүн сатуу боюнча сунуштарды кезиктирүүгө болот. Кээде кеп болжол менен 100–150 долларлык суммалар жөнүндө жүрөт.
— Мындай маалыматтарды кантип коргоого болот?
— Чечимдер көп. Баарынан мурда техникалык инфраструктураны туура куруу керек. Мисалы, уюмда сервер — маалымат сакталган чоң компьютер бар дейли.
Маалымат бир гана серверде турбашы маанилүү. Камдык көчүрмөлөр, кошумча сактагычтар, анын ичинде булуттук чечимдер зарыл. Албетте, мындай инфраструктураны түзүү каржылык чыгымдарды талап кылат.
Биздин компания негизинен башка багыт менен алектенет — маалымат тутумдарынын киберчабуулдарга канчалык туруктуу экенин текшерет.
Мисалы, адамдар билеттерди сатып алган, кызмат акысын төлөгөн, банк карталарын байлаган ар кандай санариптик платформалар бар.
Мындай сервистер колдонуучулардын жеке маалыматтарын сактап, каржылык маалыматтарды иштеп чыгат. Ошондуктан аларга мыйзамсыз кирүүгө же кандайдыр бир маалыматтарды өзгөртүүгө болобу же жокпу, текшерүү маанилүү.
Бирок менин оюмча, киберкоопсуздуктагы эң аялуу чынжыр — бул адамдар.
Айрым баалоолор боюнча, киберчабуулдардын 91%га жакыны социалдык инженерия менен байланыштуу. Бул — кара ниеттер адамдын ишенчээктигин же маалыматынын жетишсиздигин пайдаланган учур.
Мисалы, компаниянын кызматкери кибергигиенанын элементардык эрежелерин билбей, фишингдин курмандыгы болуп калышы мүмкүн.
Элестетиңиз: сиз жумушта отурасыз, сизге бир кучак гүл жана флешка алып келип беришти. Ага: «Мени ачсаң, гүл кимден экенин билесиң» деген кат чапталган. Сиз флешканы жумушчу компьютерге саясыз. Экранда кооз сүрөт чыгат, ал эми ошол маалда зыяндуу программа түзмөгүңүзгө кирүү мүмкүнчүлүгүн алып калат. Ал эми компьютер корпоративдик тармакка туташып тургандыктан, хакерлер ага да кирүүгө аракет кылышы мүмкүн.
Социалдык инженериянын бир ыкмасы ушинтип иштейт. Адамды системага жол ачкан аракетти өз колу менен жасоого түртүшөт.
— Кыргызстандыктар азыр баарынан мурда өз акчасынын сакталышына тынчсызданып жатышат. Ар бир учурга даяр болуп, накталай акча камдап алууга арзыйбы?
— Менимче, белгилүү бир өлчөмдөгү накталай акчанын болушу эч качан ашыкчалык кылбайт. Ошондой эле акчаны бир эле жерде сактабастан, бир нече банкка бөлүштүрүү да акылга сыярлык. Бирок бул конкреттүү түрдө 17-ноябрга байланыштуу эмес. Бул каржылык сабаттуулук боюнча кадимки эле сунуштар.
Жалпысынан алганда, кандайдыр бир техникалык мүчүлүштүктөр болушу мүмкүн экенин жокко чыгарбайм. Бирок бул глобалдык санариптик кризис жөнүндөгү ушактар чындыкка айланат дегенди билдирбейт.
Баса, киберкоопсуздук чөйрөсүндөгү реалдуу инциденттер тармактын өнүгүшүнө түрткү болот, анткени ал алсыз жерлерди аныктоого жардам берет.
— Эгер масштабдуу киберчабуул баары бир болуп кетсе, сиздин компания эмне кыла алат?
— Бизде иштин эки негизги багыты бар.
Биринчиси — киберчабуулдарды тууроо (имитация кылуу). Биз системанын аялуу жерлерин текшерип, андан соң кандай көйгөйлөр табылганын жана эмнени оңдоо керектигин түшүндүргөн отчет түзөбүз. Бул багыт Red Team деп аталат.
Экинчиси — Blue Team. Ал маалымат тутумдарын коргоо, коркунучтарды аныктоо жана инциденттерди иликтөө менен байланышкан.
Ошондой эле Purple Team да бар — бул чабуул жана коргонуу боюнча адистердин ишин бириктирген багыт. Бул жогорку квалификацияны талап кылган кыйла татаал тармак. Мага белгилүү болгондой, Казакстанда да мындай адистер аз.
Бизде азырынча Purple Team боюнча өзүнчө багыт жок, бирок Blue Team адистери бар.
Эгер, мисалы, банкта киберчабуул орун алса, биз иликтөө жүргүзүп, кара ниеттер кайсы аялуу жер аркылуу системага киргенин аныктай алабыз. Албетте, биз болуп өткөн инциденттин кесепеттерин артка кайтара албайбыз, бирок анын себептерин аныктоого жардам бере алабыз.
Мындан тышкары, маалыматтык коопсуздукту көзөмөлдөө борборлору бар — Security Operations Center же SOC. Мындай борборлордо адистер маалымат тутумдарында болуп жаткан окуяларга күнү-түнү көз салып турушат.
Мисалы, банктык операция — бул дагы система тарабынан каттала турган окуя. Эгер адаттан тыш бир нерсе болуп кетсе, адистер текшерүүнү башташат.
Алгач шектүү окуяны биринчи деңгээлдеги кызматкерлер талдайт, андан кийин зарылчылыкка жараша тажрыйбалуу адистер кошулат. Талдоодон кийин банк кандай чараларды көрүү керектиги боюнча сунуштарды алат.
Ошондой эле Threat Intelligence платформалары бар — булар киберкоркунучтар тууралуу маалыматты чогултуу жана талдоо системалары. Эгер, мисалы, башка өлкөнүн банкында белгилүү бир аялуу жерди колдонуу менен чабуул жасалса, мындай тутум ошондой программалык камсыздоону орноткон уюмдарга алдын ала эскерте алат. Бул мүмкүн болуучу коркунучка алдын ала даярданууга шарт түзөт.
— Мындай эскертүүнү канчалык тез алууга болот?
— Абдан тез.
— Демек, эгер 17-ноябрь күнү эртең менен АКШда же башка континентте масштабдуу киберчабуул башталса, Кыргызстандагы адистер бул тууралуу ыкчам биле алышабы?
— Ооба, биз маалыматты жетиштүү деңгээлде тез алып, мүмкүн болуучу коркунучтарга даярдана баштай алабыз.
— Казакстан менен Өзбекстанда санариптик кризис жөнүндөгү ушактар андан да кеңири жайылды. Айрым адамдар ун, кумшекер, өсүмдүк майын жана башка азык-түлүктөрдү камдай башташты. Ошол эле учурда интернетте хакерлер тарабынан муздаткычтарды өчүрүү мүмкүнчүлүгү да талкууланууда. Бул билдирүүлөрдүн ортосунда байланыш барбы?
— Менин көз карашымда, бул жерде таптакыр ар башка окуяларды жөн эле бириктирип, чуулгандуу бир окуя жасап коюшту. Мен атүгүл бул болжолдонгон санариптик кризисти «COVID-2.0» деп атап жатышканын да уктум.
— Демек, бул ушакты тараткан адам азыр элдин реакциясын байкап отурабы?
— Мүмкүн. Тарап жаткан маалыматтарга караганда, баштапкы билдирүү даркнетте пайда болгон имиш. Дал ушул нерсе окуяга кошумча сырдуулук берип койду. Адамдар маалымат интернеттин жабык бөлүгүнөн чыкты деп көрүп, аны олуттуураак кабыл ала башташты.
Сиз мага бул тема боюнча жазганда, мен аны кененирээк изилдеп көрүүнү чечип, кесиптештеримден да эмне болуп жатканын карап көрүүнү сурандым. Ага чейин биз мындай билдирүүлөрдү интернет-мем катары гана кабыл алып, аларга олуттуу караган эмеспиз.
Мисалы, Европа өлкөлөрүнүн бир нече күнгө азык-түлүк жана суу камдап алуу сунуштары мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдарга, анын ичинде электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына даярдык көрүү менен байланыштуу.
Японияда мындай сунуштар жер титирөө жана башка табигый кырсыктардын коркунучунан улам бар. Башкача айтканда, булар кандайдыр бир конкреттүү коркунуч менен сөзсүз эле байланышпаган кадимки алдын алуу чаралары.
Бирок интернетте ар кайсы өлкөлөрдүн маалыматын алып, аларга киберчабуулдарды, АКШдагы улуттук тестирлөөнү кошуп, мунун баарын бир окуяга бириктирип салышкан. Натыйжада ушак тез таркап кетти.
Ошол эле учурда мен пикир алышкан адистердин көбү глобалдык санариптик кыйроо сценарийине ишенишпейт. Техникалык жактан аны ишке ашыруу өтө татаал жана бул кимге пайда алып келери да түшүнүксүз.
— Бул ушактарда даркнет тынымсыз айтылууда. Жөнөкөй сөз менен түшүндүрүп берсеңиз, бул эмне жана ал кандай иштейт?
— Биз күн сайын колдонгон кадимки интернет бар, жана атайын куралдардын жардамы менен гана кирүүгө мүмкүн болгон интернеттин бир бөлүгү — даркнет бар.
Аталышын «караңгы интернет» деп которсо болот. Бирок бул ал жакта сөзсүз түрдө мыйзамсыз же коркунучтуу нерселер болот дегенди билдирбейт.
Даркнеттен ар кандай маалыматтарды, билим берүү материалдарын, кесиптик коомдоштуктарды табууга болот. Айрым адистер аны баарлашуу жана билим алмашуу үчүн колдонушат. Негизги өзгөчөлүгү — мындай ресурстарга кирүү кадимки сайттарга караганда башкача түзүлгөн.
— Ал жакка кантип кирсе болот?
— Даркнет сайттарын ачууга мүмкүндүк берген атайын браузерлер жана башка куралдар бар. Ошол эле учурда айрым ресурстарга кирүү чектелген. Белгилүү бир аянтчаларга кирүү үчүн чакыруулар же уруксаттар талап кылынышы мүмкүн.
Биздин техникалык адистер да чет өлкөлүк кесиптештер менен баарлашуу жана кесиптик өнүгүү үчүн мындай ресурстарды колдонушат.
Мындан тышкары, биз маалыматтардын сыртка чыгып кетиши тууралуу маалыматтарды көзөмөлдөп турабыз. Уурдалган маалымат базалары жана маалымат тутумдарына кирүү мүмкүнчүлүктөрү көбүнчө дал ушул жабык аянтчаларда сатылат. Ошондуктан киберкоопсуздук адистери бул чөйрөдө эмне болуп жатканын түшүнүшү керек.
Биз Кыргызстанга же Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө тиешелүү болушу мүмкүн болгон маалыматтарды дайыма издеп турабыз. Мисалы, маалыматтардын мүмкүн болуучу ачыкка чыгып кетиши же белгилүү бир уюмдарга чабуулдарды талкуулоо тууралуу маалыматтарды.
— Жыйынтыктайлы. Демек, бүткүл дүйнө боюнча интернетти үч айга өчүрүү иш жүзүндө мүмкүн эмес. Банк секторундагы массалык мүчүлүштүк теориялык жактан мүмкүн, бирок аны бир нече күнгө уюштуруу да өтө татаал турбайбы?
— Ооба, баары туура. Теориялык жактан масштабдуу чабуулдар мүмкүн, бирок техникалык жактан аларды ишке ашыруу өтө оор.
— Ошол эле учурда Кыргызстанда киберкоопсуздук боюнча квалификациялуу адистер жетишпейт. Ал эми акчага келсек, белгилүү өлчөмдөгү накталай акча камдап алуу жана каражатты бир нече банкка бөлүштүрүү — бул 17-ноябрдагы болжолдонгон кризиске даярдык эмес, кадимки каржылык сабаттуулук турбайбы?
— Ооба. Тобокелдиктерди азайтуу үчүн акчаны бир нече банкта сактаган жакшы, бирок бул дал 17-ноябрда бардык каражатты шашылыш чыгарып алуу керек дегенди билдирбейт.
Убактылуу мүчүлүштүк болгон күндө да, жөн гана банк системаларынын иши калыбына келишин күтүп коюуга болот.
Яна Крайнюкова
Анара Мамытова
Бүткүл дүйнөлүк интернетти өчүрүү дээрлик мүмкүн эмес. Бул үчүн акылга сыйгыс масштабдагы чабуул талап кылынмак.

Киберкоопсуздук боюнча адис