Кыргыз улуттук кинематографиясынын негизделгенине 85 жыл толду

Бүгүн, 17-ноябрда, кыргыз улуттук кинематографиясынын түптөлгөнүнө 85 жыл толду. Кыргыз киносу 1941-жылдын 17-ноябрында негизделген. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматында, 1970-жылдардагы кинематографиядагы «Кыргыз керемети» доору улуттук кинону дүйнөлүк деңгээлге чыгарган. Ал учурда Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Геннадий Базаров, Мелис Убукеев, Альгимантас Видугирис сыяктуу таланттуу режиссёрлор тарабынан «Биринчи мугалим», «Саманчынын жолу», «Ак кеме», «Караш-Караш окуясы», «Кызыл алма», «Бакайдын жайыты», «Уркуя», «Көк серек» көркөм тасмалары тартылып, кыргыз киносунун пайдубалы калыптанган. Бул эмгектерде Сүймөнкул Чокморов, Бакен Кыдыкеева, Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Таттыбүбү Турсунбаева сыяктуу актёрлор кайталангыс образдарды жаратышкан. Ошондой эле кинематографиянын өнүгүшүндө жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалар орун ээлейт.
Министрлик бүгүнкү күндө президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында кинематографияны өнүктүрүүгө, кино өндүрүшүн колдоого көңүл бурулуп жатканын белгиледи.
“Кыргыз киносу — бул жөн гана экрандагы көркөм чыгармалар эмес. Бул — улуттун тарыхый эс тутуму, элдин тагдыры, руханий баалуулуктары жана улуттук аң-сезими чагылдырылган улуу маданий мурас.
Кыргыз киносунун бай тарыхын жана залкар инсандардын чыгармачылык мурасын сактоо, улуттук кино индустриясын өнүктүрүү жана дүйнөлүк кино мейкиндигиндеги ордун бекемдөө мамлекеттик маданий саясаттын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат”,- деп билдирди мекеме.