Кыргызстан менен Пакистан соода жүгүртүүнү 200 млн долларга жеткирүүнү пландоодо

Кыргызстан менен Пакистан өз ара товар жүгүртүүнүн көлөмүн 200 млн долларга чейин жеткирүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Исламабад шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов менен Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилери менен жолугушуусунда талкууланган.
Кайрат Турсункулов алгач Пакистандын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар менен жолугушкан. Анда тараптар эки өлкө ортосунда соода-экономикалык, инвестициялык жана транспорттук-логистикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин карашкан.
Андан кийин Турсункулов Пакистандын тышкы иштер министринин орун басары Асим Ифтихар Ахмад менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Жолугушууда эки өлкөнүн Өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын 2027-жылдын биринчи жарымында өткөрүү пландары талкууланган. Тараптар ошондой эле энергетика, айыл чарба, фармацевтика жана санариптештирүү тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну сүйлөшүшкөн.