«Асман Эйрлайнс» A321 учактары үчүн коопсуздук видеосунун концепциясына сынак жарыялады

«Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясы Airbus A321 учактары үчүн коопсуздук эрежелерин көрсөткөн жаңы видеороликтин сценарийин жана концепциясын иштеп чыгууга ачык сынак жарыялады.
Сынакка продакшн-компаниялар, креативдик агенттиктер, режиссёрлор, сценаристтер жана чыгармачыл топтор чакырылат. Авиакомпания стандарттуу маалыматтык видео эмес, Кыргызстандын маданиятын, каада-салтын, жаратылышын жана улуттук иденттүүлүгүн чагылдырган заманбап, эсте каларлык ролик жаратууну көздөйт. Эл аралык авиациялык талаптарга сөзсүз жооп берүү менен бирге, өлкөнүн оригиналдуу (аутентичный) локацияларын, кыргыз меймандостугун жана улуттук колориттин элементтерин камтыган идеялар кубатталат.






Жеңип чыккан концепция күн сайын миңдеген жүргүнчүлөр көрө турган Airbus A321 учагынын коопсуздук боюнча расмий ролигинин негизи болуп калат. Жеңүүчү ошондой эле долбоорду ишке ашыруунун алкагында авиакомпания менен мындан ары кызматташуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Сынакка катышуу үчүн a321@asmanairlines.kg электрондук дарегине төмөнкүлөрдү жөнөтүү зарыл: сценарий, чыгармачыл концепциянын сыпаттамасы, визуалдык референстер же мудборд (moodboard), команда тууралуу маалымат жана портфолио. Билдирмелер 2026-жылдын 22-июнун кошо алганда кабыл алынат.