КР Билим берүү министрлиги пенсия курагындагы мугалимдерди эмне күтүп жатканын түшүндүрдүКыргызстандыктарга Казакстанга кирүү үчүн уруксат талап кылынат — жаңы эрежелерКыргызстанда ИИМдин жаңы имараттары ачылып, милициянын автопаркы жаңыландыБишкекте 18 жаштагы кыз 15 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түштүПольшанын премьери орусиялык боттор тууралуу билдирди, ал эми оппозиция өкмөттүн отставкасын талап кылуудаBinance хакердик чабуулдан кийин колдонуучулардын чыгымдарынын 90%ын жапканын билдирди
Июнь айында Кыргызстанда кайсы негизги жолдор пайдаланууга берилет
10.06.2026 | 17:15

Быйыл июнь айында өлкөнүн учурда оңдолуп жаткан бир катар негизги жолдору унаа кыймылы үчүн пайдаланууга берилет. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев «Ачык кабинет» медиадолбоорунун алкагында билдирди.
Анын айтымында, июндун аягына чейин Бишкек — Балыкчы — Нарын — Торугарт унаа жолунун реконструкцияланып жаткан 9 чакырымы пайдаланууга берилет. Аталган жол 4 тилкеден 6 тилкеге чейин кеңейтилүүдө.
Ошондой эле Бишкек — Алматы трассасынын кесилишинен «Дордой» базарына чейинки 6 чакырым жол асфальттын биринчи катмары төшөлгөндөн кийин унаа кыймылы үчүн ачылат.
Мындан тышкары 20-августка чейин «Дордой» базарынан «Манас» аэропорту тарапка кеткен транспорттук түйүнгө чейинки жолду ачуу пландалууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: жол оңдоо