Кыргызстанда Суу ресурстары кызматына жаңы жетекчи дайындалды

19.11.2026 | 10:34
В Кыргызстане назначили нового руководителя Службы водных ресурсов — Новости Кыргызстана

Эмилбек Закиров КРдин суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары – Суу ресурстары кызматынын директору кызматына дайындалды. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Суу ресурстары кызматынын мурдагы жетекчиси Бактыбек Анаркулов өз каалоосу менен кызматтан бошотулган.

Жаңы жетекчи Эмилбек Закиров 1993-жылдын 27-январында Жалал-Абад шаарында туулган. Кесиби боюнча юрист. Эмгек жолун Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан баштаган. Бул кызмат ордуна дайындалганга чейин президенттин администрациясында эксперт кызматын аркалап келген.

Scroll to Top