VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын «Биримдик кербени» Баткенден башталды
Баткен облусунда быйыл өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында «Биримдик кербени» старт алды. Анын алкагында Баткен районунун Кара-Булак айылындагы Суу-Башы булагынан суу алынып, облус борборунун борбордук аянтына чейин жеткирилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Долбоордун жүрүшүндө «Баатырлар» жана «Элчилер» топтору сууну атайын идишке, көөкөргө, толтуруп, жүрүш өткөрүшкөн.
Иш-чарага президенттин Баткендеги өкүлү Мамыржан Рахимов катышып, долбоордун башталышы менен куттуктады. Ал өз сөзүндө «Биримдик кербени» өлкөнүн бардык аймактарын бириктирген маанилүү руханий демилге экенин белгилеген.
Долбоорго бир катар уюмдар өнөктөш катары катышкан. «А-банк» сууну сактоо үчүн жай уюштурса, «Chevrolet Kyrgyzstan» кербенди автоунаалар менен коштогон. ЮНИСЕФ балдар үчүн улуттук оюндардын программасын уюштурган.
Белгилей кетсек, «Биримдик кербени» долбоорунун максаты — Кыргызстандын аймактарындагы булактардан суу топтоп, аны VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жеткирүү. Чогултулган суу оюндардын салтанаттуу аземдеринде колдонулат.





