Атазовдун шайлоо штабында иштеген эки киши соттолду

27.12.2023 | 11:20

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун шайлоо штабында иштеген эки жаранга сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, К.А.О жана М.У.А. аттуу инсандар шайлоодо добуш сатып алууга (Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси) күнөөлүү деп табылды. Экөөнө тең 100 миң сомдон айыппул салынды.

Шайлоо штабынын башчысы Кеңешбек Жумабаевдин иши 15-январда каралат. Ал дагы добуш сатып алууга айыпталууда.

Эскерте кетсек, УКМК Шайлообек Атазовдун 2022-жылдагы шайлоо штабында иштеген үч кишини ноябрь айында кармаган. Депутат  Facebook социалдык тармактагы баракчасы аркылуу анын  тарапташтарына кысым көрсөтүлүп, кыйноого алынып жатканын билдирген.

9-ноябрда өзү дагы шайлоонун жүрүшү боюнча сурак берип чыккан.

Ташиев: Мындан ары мамлекетибизде Көлбаев, Матраимов деген мафия болбойт (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Scroll to Top