Ташиев: Мындан ары мамлекетибизде Көлбаев, Матраимов деген мафия болбойт (видео)

Ташиев: Мындан ары мамлекетибизде Көлбаев, Матраимов деген мафия болбойт (видео)

Мамлекеттик органдарда уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышкан бир дагы кызматкер иштебейт. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кемин райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында билдирди.

Ал уюшкан кылмыштуу топтор жана коррупция менен күрөш уланып жатканын белгиледи. Камчыбек Ташиевдин маалыматында, маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев менен байланышкан 60, бажы кызматынын төрагасынын мурдакы орун басары Райымбек Матраимовдун 92 кадры жана Бажы кызматынын 50 кызматкери иштен алынды.

«202 кызматкер уюшкан кылмыштуу топ, криминал жана коррупцияга аралашканы үчүн иштен алынып жатат. Бул масштабдуу иштин бир бөлүгү», — дейт ал.

Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимовдун жана Камчы Көлбаевдин мафиясы биротоло жок болорун айтты.

«Райымбек Матраимов мамлекетте жашай турган болсо, «Матиз» минип жүрүшү керек. Анын кланы, мыйзамсыз жол менен тапкан байлыгы мамлекеттин өсүп өнүгүшүнө жана ички саясый иштерге тоскоол болбошу керек. Көптөгөн шайлоолордо ошолордун акчаларына берилип кеткендер, аларга кызмат көрсөткөндөр бар. Алардын арасында улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери дагы бар», — дейт УКМК башчысы.

Эскерте кетсек, 4-октябрда Кыргызстанда УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо жүргүзүп, операция учурунда Көлбаев жок кылынганы кабарланган. Ошол күнү Райымбек Матраимовдун суракка чакырылганы кабарланган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>